Жети-Өгүз районунда өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча шектүү кармалды. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБиден тастыкташты.
Билдирүүгө караганда, шектүү 15-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Жети-Өгүздө 17 жаштагы окуучу кыз өз өмүрүнө кол салып, ооруканада каза болгону маалымдалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.