Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө президенттик шайлоо качан болорун айтты. Ал кечээ, 23-февралда Киевде пресс-конференция өткөргөн.
"Украинада президенттик шайлоо аскердик абал алынгандан кийин өтөт", - деген анда Зеленский.
Украин лидери белгилегендей, АКШ президенти Дональд Трамп 2025-жылы согушту токтотууга умтулууда.
"Бул алардын эле максаты", - деп кошумчалаган ал.
Анын айтымында, ал америкалык президент аны "диктатор" деп атаганы үчүн таарынбайт.
"Диктатор болгондор гана диктаторго таарынышат", - деген Зеленский.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын март айынын аягында өтүшү керек болчу, бирок аскердик абалга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Зеленскийдин 5 жылдык президенттик мөөнөтү 2024-жылы май айында аяктаган. 18-февралда Трамп Украинада шайлоо өткөрүүгө чакырып, ошондой эле 3 жылдык согуш үчүн Зеленскийди айыптаган.