Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-февралда Украинадагы жеңишин жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык Fox News телеканалы бир нече булактарына таянуу менен билдирди.
Телеканалдын маалыматына ылайык, Путиндин бул билдирүүсү Орусиянын Донбасстагы жана Харьков облусундагы аскердик ийгиликтеринин фонунда айтылат. Телеканал белгилегендей, Путин бул билдирүүсү менен орус аскерлеринин духун көтөргүсү келет.
Мындай маалымат миллиндогон катталуучусу бар бир нече Телеграм каналдарда да жарыяланган.
Кремль бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-февралда Орусия-Украина жаңжалы башталганына туура 3 жыл болду. Тагыраагы, 2022-жылдын 24-февраль күнү Орусия Украинага басып кирген.