Ишкер Өмүрбек Бабанов Эр-Риядда өткөн Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттешин көрүп, Биволду колдоого алды. Мурдагы саясатчы андагы видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бивол тынымсыз эмгек, умтулуу жана өжөрлүк жеңишке алып келерин дагы бир ирет далилдеди.
Бивол – чемпион, мыктынын эң мыктысы!
Эске салсак, 2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн бкл жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.