Токмок шаарында өздөрүн милиция кызматкерлери катары көрсөтүп акча талап кылууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 18 жаштагы жигитти коркутушуп, 30 миң сом талап кылышкан. Тагыраагы, шектүүлөр жигитке башка бирөөнүн мүлкүн уурдоого тиешеси бар экендигин айтышып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартабыз дешкен.
Шектүү делген 21 жаштагы 2 жаран жана 29 жаштагы 1 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кармоо учурунда алардан маркаланган акчалар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.