Бивол менен Бетербиев Эр-Рияддагы экинчи беттешинде канча каражат тапканы белгилүү болду

Профессионал мушкерлер Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев дем алыш күнү Сауд Арабияда өткөн реванш үчүн чоң гонорар алышты. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.

22-февралдан 23-февралга караган түнү Дмитрий Бивол реванш беттешинде Артур Бетербиевди жеңип, жарым оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону болду.

Бул беттеш Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өткөн бокс кечесинин башкы беттеши болду.

Экинчи беттеши үчүн эки спортчу тең мурунку беттешинен эки эсе көп гонорар алышат. Тагыраагы, реванш үчүн мушкерлер 20 миллион доллар кепилдик төлөм алышкан.

Эки мушкердин үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан