
Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушунунун 40 пайызы бүттү. Бул туурасында президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы имартта өкүлчүлүктүн жана шаардык мэриянын аппараты жайгашат. Учурда имарттын чатырын жабуу иштерине даярдыктар көрүлүп, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылууда. Мындан сырткары айлана-чөйрөнү жашылдандыруу аракеттери көрүлүп жатат.
"Жаңы административдик мекеме жети гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Анда кичи жана чоң жыйындарды өткөрүүчү залдар, ЭКСПО борборлору камтылат. Мындан сырткары имараттын алдына борбордук аянт жана эс алуу аллеялары курулат. Жумуштарды ушул жылдын август айында бүткөрүү пландалган", - деп айтылды маалыматта.
Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов жеринде барып, бир катар тапшырмалырды берүү менен курулушту сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын эскертти.