Газа тилкесинде ачылган мектепте 300дөн ашуун бала жаңы окуу жылын баштады. Бул тууралуу Катардын Al Jazeera телеканалы билдирди.
Телеканал Газада ок атышпоонун натыйжасында акыркы 15 айда биринчи жолу мектеп ишке киргенин белгилеп, 2023-жылдын октябрь айында башталган согушта мектептердин көбү Израилдин аба чабуулдарынын натыйжасында талкаланып калганын жазат.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын куралдуу жактоочулары Израилдин аймагына кирип, чек арадагы конуштардын тургундарын өлтүрүшкөн жана барымтага алышкан. Буга жооп иретинде Израил Палестинанын анклавында аскерий операция баштаган. Жаңжал ушул жылдын 19-январына чейин уланган. Тараптардын ок атышпоо келишими Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен жетишилген.