Пхеньян Түндүк Кореяга каршы санкцияларды мыйзамсыз деп эсептейт жана мындан ары алардын алынышына кызыкдар эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз сүйлөшүүлөр аркылуу санкцияларды алып салууга кызыкдар эмеспиз жана бул биздин максат эмес. АКШнын жапайы санкциялары бизге эң оор тышкы шарттарда кантип аман калууга, гүлдөп-өсүүгө жана күчтүү болууга үйрөттү. Алар биздин бийликти бекемдөөнү тездеткен чечүүчү факторго айланды", - деп айтылган Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Министрлик өлкөгө каршы кошумча санкцияларды киргизүү аракеттери болсо, Пхеньян өзүнүн эгемен укуктарын коргоо чараларын көрүүгө аргасыз болорун эскертти.