Австралия 2022-жылдан бери Орусияга каршы эң чоң санкциялар пакетин киргизди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, чектөө 70 адамга жана 79 өндүрүш ишканасына багытталган.
“Орусиянын жаңы аймактарынын администрациясынын өкүлдөрү, анын ичинде министрлер, соттор жана прокурорлор бар. Ошондой эле Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы “аскердик кызматташтыкты тереңдетүүгө” тиешеси бар делген жеке адамдар жана уюмдар бар”, - деп айтылат маалыматта.