Владимир Зеленский президенттиктен кандай шартта баш тартарын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский керек болсо президенттигинен баш тартууга даяр экенин айтты. Ал бул тууралуу кечээ, 23-февралда Киевде өткөргөн маалымат жыйынында билдирген.

Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "эгер Украинанын тынчтыгы үчүн кызматтан кетишим керек болсо, мен даярмын" деген. Ошондой эле ал президеттигин тапшырып берүүнүн шартын атаган. Ал үчүн Киев НАТОго мүчө болушу керек.

"Эгер шарттар дароо аткарылса, мен муну НАТОго алмаштыра алам", - деп кошумчалаган.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийди шайлоо өткөрүүдөн баш тарткан диктатор деп сынга алган.

Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын март айынын аягында өтүшү керек болчу, бирок аскердик абалга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Зеленскийдин 5 жылдык президенттик мөөнөтү 2024-жылы май айында аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан