Токмок шаарынын тургундары суука карабай Дмитрий Биволдун беттешин чоң экранда көчөдө көрүштү. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Шаар тургундары көчөдөгү чоң экрандан түнү менен Бетербиев-Бивол беттешин күтүп, анан беттешти көрүшкөн. Калыстар Биволду жеңүүчү деп тапканда шаар тургундары ордуларынан секире сүйүнүшкөн.
Кечээ, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.
Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.