"Мына, 100 миң сом жатат". Оштун мэри соода түйүндөрдөн ижара акысын алууну тапшырды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ, 23-февралда Осмонов жана Касымбеков көчөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.

Анда калаа башчысы аталган көчөлөрдөгү соода түйүндөрү, май алмаштыруучу жай өңдүү бир катар объектилерден имараттын астындагы мэриянын балансындагы жерди унаа токтотуучу жай катары пайдалангандыгы үчүн алардан ижара акысын алуу тапшырмасын берди.

"Бардыгын чакырып, канча квадрат муниципалдык жерди пайдаланып жатканын санап берип, канча сом төлөй турганын айткыла. Ижара төлөсүн. Эгер төлөбөсө, алдын тосуп койгула! Унаа токтотуучу жайы жок иштеп көрсүн. Мына, ушул жерде эле 100 миң сом жатат. Мынакей акча", - деди Токторбаев.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан