Көптөн бери жааган кар Япония жээктеринин күчүн сынап жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Минамиуонума шаарында кардын калыңдыгы дээрлик төрт метрге чейин жетүүдө.
“Ал жерде кар күрткүлөрү эки кабаттуу имараттай бийик. Бул акыркы 10 жылдагы рекорд. Коомдук транспорт үзгүлтүккө учурап жатат. Кар бир нече күндөн бери токтобой келет”, - деп айтылат маалыматта.