Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев мушкер Дмитрий Биволго Сауд Арабиясына барып, мык менен жасалган портретин белекке берди. Бул туурасында сүрөтчү Инстаграм баракчасына видео жүктөп, билдирген.
Анда белекти тапшырып жатып кыргызстандыктар мушкер менен сыймыктана тургандыгын айтып, кагылган миң мык биримдиктин белгиси экендигин белгилеген.
Өз кезегинде Бивол ыраазычылыгын билдирген.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.
Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.