Садовое айылында чет элдик жаран бөтөлкөлөшүнө бычак саюуга шектелип кармалды

Москва районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 39 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-февралда милицияга райондук ооруканадан 40 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө 22-февралда Садовое айылында жайгашкан үйдө шектүү менен жабырануучу спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, чырдаша кетишкени, натыйжада 39 жаштагы жаран 40 жаштагы шеригин моюнга бычак менен сайып салганы белгилүү болгон.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан