"Алгач спорттун башка түрү менен машыккан". Мушкер Дмитрий Бивол тууралуу кызыктуу фактылар 

Кечээ, 23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн профессионалдык бокс кечесинде атактуу мушкер Дмитрий Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.

Дүйнөгө белгилүү мушкер бул жеңиши менен кыргыз элине сүйүнүч тартуулай алды. Ал эми SUPER.KG порталы Бивол тууралуу маалыматтарды топтоп, кызыктуу фактылар менен бөлүшүүнү туура көрдү.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында молдаван жана корей улутундагы интернационал үй-бүлөдө туулган. Мушкер жарандыгы боюнча кыргыз. Ал ата-энеси менен 11 жашына чейин Кыргызстанда жашап, 2002-жылы атасы, апасы жана эки эжеси менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетишкен. Азыркы тапта дагы мушкер Санкт-Петербург шаарында жашайт.

Бивол бокска 6 жашында келген. Анын алгачкы машыктыруучусу кыргызстандык Вячеслав Шарапов болгон. Учурда мушкер орусиялык машыктыруучу Алексей Куренковдун кол алдында машыгат.

Мушкер тууралуу кызыктуу фактылар:

Экшн-тасмаларын көргөндөн кийин мушкер болууну кыялданып, спорттун аталган түрү менен алектене баштаган.

Эң алгач мушкер ушу (спорттун түрү) менен алектенүү үчүн залга бара баштаган. Бирок ал жак спортчуга жакпагандыктан, атасы аны бокска алып барган.

Спортчу эки жогорку билимдин ээси. Ал алгач Санкт-Петербургдагы Улуттук мамлекеттик дене тарбия, спорт жана ден соолук университетин бүтүргөн. Мындан тышкары Кубан мамлекеттик агрардык жогорку окуу жайынан юрист кесибин алып чыккан.

Мурунку жубайы Екатерина Бивол менен 16 жашында Санкт-Петербургдагы эл аралык аэропорттон таанышкан.

Мушкердин атасы ар дыйым уулунун мелдештерине келип, колдоо көрсөтүп турат.

Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун ортосунда Мирон жана Никон аттуу уулдары бар. Жубайлар 16 жыл чогуу жашап, 2023-жылдын июнь айында эки ажырым жолго түшүшкөн.

Бивол 17 жашка чейинки категорияда кадеттер арасында Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кадеттер жана жаштар арасында Европанын эки жолку чемпиону болуп өз учурунда алдыңкы мушкерлердин катарын толуктай алган.

Мушкер 23 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен. Анын 12си нокаут менен алынган жеңиш. Бирок 24-беттешинде жердеши Артур Бетербиев менен болуп, жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми 25-беттеши аталган мушкер менен болуп, жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан