АКШда -40 градуска жеткен суук аба ырайы уланууда. Маалыматтарга таянсак, сууктун айынан каза тапкандардын саны 9-январга карата 21 адамга жетти жана суук Американын дээрлик бардык штаттарында сакталууда. Мектептер убактылуу жабылып, айрым штаттарда унаа кыймылы токтоп, аба каттамдары да үзгүлтүккө учурап жатат. Авиакомпаниялар сууктун кесепетинен 1,5 миллиард долларга зыян тартканы айтылууда.