Сокулук районунда ден соолукка атайылап оор залал келтирген деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 21-февралда саат 02:00 чамасында Фрунзе айылынан 23 жаштагы жаранга кол салышкан. Жабырлануучу унаасы менен качууга жетишкен. Бирок алар таңкы саат 04:00 чамасында анын үйүнө барышып, ур-токмокко алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 19 жаштагы 4 жана 20 жаштагы 1 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.