
Кыргызстанда тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
"Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 26-28-февралдарда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Кээ бир жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши мүмкүн", - деп билдиришти министрликтен.
Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.