
Кыргызстанга мыйзамсыз кирген оң рулдуу унааларды легалдаштыруунун баасы болжол менен 100 миң сомдой болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары
Бакытбек Шералиев "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
"Бардык автоунаалар үчүн бир эле баа коюлат. Машинаны мыйзамдаштырууга алына турган жыйымдын болжолдуу баасы 100 миң сом деп белгиленип жатат. Айдоочу мамлекеттик номер жана каттоо күбөлүгү үчүн да төлөшү керек. Ошондо болжол менен 102 миң сом болуп калат", - деди Шералиев.
Белгилей кетсек, өлкөгө 2025-жылдын 1-январына чейин гана алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырыла. Легалдаштыруу иши 1-мартта башталат.