Ош жана Баткен облустарында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын сактап жана сатып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты. Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалды", - деп белгиленген маалыматта.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иш-чаралар жүргүзүлүүдө.