"Не дай Бог!" Жеңишбек Токторбаев Оштогу жетекчилерге эскертүү берди (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жекшемби күнү таң заарда калаадагы Осмонов жана Касымбеков көчөлөрүн кыдырып чыкты.

Анда мэр аталган көчөлөр шаардын кире беришинде жайгашкандыктан, келген коноктор ушул көчөлөрдөн өтөрүн белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кызыл сызыктан чыккан объектилерди алып салуу, айрым курулуштардын сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу, жашыл аймактарды көбөйтүү тапшырмасын берди.

"Урматтуу жетекчилер, коюлган тапшырмалар боюнча күчөтүлгөн тартипте иштегиле! Дос-тууган, таяке-жээн, куда-сөөк дегендериңер бар, "не дай Бог", кимдир бирөөңөрдү жеке менчик уюмдардын кожоюндары менен чай ичип отурганыңарды көрсөм, капа болбогула! Иштейбиз деп келгенден кийин аягына чейин иштеш керек. Бүттү, артка жол жок. Жалаң алдыга жана алдыга. Шаардыктар бизди кандай иштеп, эмне кылар экен деп карап турат", - деди Токторбаев.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан