Франциянын Марсель шаарындагы Орусиянын башкы консулдугунун аймагында жарылуу болду. Окуя болгон жерде отузга жакын өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, алгач француз маалымат каражаттары жардыруу консулдуктун жанында болгонун жазышкан. Орусиянын Марселдеги башкы консулу Станислав Оранский "La Marseillaise" гезитине жардыруу дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында болгонун билдирди. Ал кызматкерлердин эч кимиси жабыркабагандыгын кошумчалаган.
Полиция консулдуктун аймагындагы бакчага бат жарылуучу заты бар эки бөтөлкө ыргытылгандыгын айтышкан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова окуяга байланыштуу теракттын белгилери бар экенин билдирди.
Кошумчалангандай, Орусиянын Марселдеги башкы консулдугу Амбруаза Паре проспектисинде жайгашкан. Анын катарын Египет, Тунис, Армения, Сан-Томе жана Принсипи консулдуктары толуктайт.