Экс-депутат баш болгон коомдук бирикменин мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалышты (видео)

Өлкөдө массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кырк уруу жети дубан ынтымагы" коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү массалык башаламандыкты даярдоого багытталган жолугушуларды байма-бай уюштуруп, жарандарды өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерге чыгууга чакырып келишкен. Милиция алардын иш-аракеттери тууралуу былтыр 20-декабрда кабардар болгон. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн алардын жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында граната, чолок мылтыктар, тапанчалар, ок-дарылар, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар, унаа номурлары, уюлдук телефондор, флэш-карталар жана башка буюмдар табылган.

Шектүү делген 1963-жылы туулган У.К., 1956-жылы туулган Ч.А., 1983-жылы туулган И.К., 1965-жылы туулган Н.К., 1969-жылы туулган И.Д., 1965-жылы туулган Т.Ж., 1967-жылы туулган О.И., 1979-жылы туулган И.Ж., 1975-жылы туулган А.К., 1968-жылы туулган У.К. жана 1961-жылы туулаган К.Б. атуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

ИИМ алардын арасында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты дагы бар экенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

ИИМ 24.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан