Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына расмий сапары менен барды. Өкмөт башчыны Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
МинКабдан билдиришкендей, расмий сапардын жүрүшүндө Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле премьер-министр Олжас Бектенов менен жолугат.
Мындан тышкары бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.