Астанада кыргыз-казак өкмөт башчылары жолугушту. Талкууланган маселелер

Астана шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кеңейтилген курамда жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 24-февралда маалымдашты.

Анда Касымалиев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 340 миллион доллар болгонун белгиледи.

“Өзгөчө эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 ммллиард долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек. Ошондой эле 2024-жылдын 9 айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 миллион доллар инвестиция салган. Инвестициялык байланыштарды активдештирүү максатында өткөн жылы Инвестицияларды өз ара стимулдаштыруу жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Мунун баары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди системалуу түрдө кеңейтүү үчүн болгон потенциалды дагы бир жолу тастыктайт”, - деди Касымалиев.

МинКаб башчысы жолугушуунун күн тартибине кирген бир катар актуалдуу маселелерди тизмектеп, аларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Биздин мамлекеттердин чек арасында жүк ташуу процесстерин оптималдаштырууга, бизнестин чыгымдарын кыскартууга жана эки тараптуу сооданын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу. Ал эми Кыргызстандын Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводунун курулушу өнөр жай кызматташтыгынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат, өндүрүш көлөмүн көбөйтөт жана жогорку кошумча нарк менен продукцияны экспортко чыгарат. Ошондой эле Кыргызстандык керектөөчүлөр үчүн энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана отундун чыгымдарын азайтуу үчүн маанилүү кадам болуп саналган Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти ишке ашыруу. Мындан тышкары, Казакстандын Алматы облусунда жашылча-жемиштерди сактоочу соода-логистикалык кампаны түзүү, ал жаңы азыктар менен үзгүлтүксүз камсыздоону, соода жүгүртүүнү жакшыртууну жана биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууну камсыз кылат”, — деген МинКаб башчысы.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү, туризм тармагындагы байланыштарынын жүрүшү, бул багыттагы жаңы демилгелерди ишке ашыруу жана бекемдөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Өз кезегинде премьер-министр Олжас Бектенов өткөн жылдын аягында өз ара сооданын көрсөткүчтөрү кайрадан өсүп, 1,7 миллиард долларды түзгөнүн, казак тарап соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттыруу үчүн олуттуу иштер жасалаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, жолугушууга эки мамлекеттин чек ара, санариптештирүү, транспорт, экономика, энергетика, бажы, салык, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба жана маданий тармактарындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан