Бишкектеги "Кудайберген" базарына жакын жерде ири өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 25-февралга караган түнү Бишкек шаарынын П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт таңкы саат 06:04тө чектөөгө алынды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалыматтар берилет.
Бишкектеги ири өрт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан