Конго Республикасында белгисиз оорудан улам 50дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Февраль айынын башынан тартып Басанкусу шаарында теги белгисиз оору тарай баштаган. Ал эми жалпы аталган ооруга чалдыккан 940тан ашуун учур катталып, анын ичинен 50 адам каза болгон.
Дарыгерлердин айтымында, ооруга чалдыккандарда чыйрыгуу, баш оору, муун оорулары жана башка симптомдор байкалат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Конгодо 143 адам белгисиз оорудан каза болгон. Анда бейтаптарда сасык тумоого окшош симптомдор: баш оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер байкалган.