АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путинди диктатор деп атабай турганын айтты. Бул тууралуу ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуудан кийин Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Маалымат жыйында журналист Трамп өткөн аптада Украинанын президенти Владимир Зеленскийди диктатор деп атаганын айтып, "Путинди дагы диктатор деп эсептейсизби?" деп сураган.
"Мен бул сөздү жөн эле айта бербейм", - деген Трамп.
Буга чейин Дональд Трамп Зеленскийди "диктатор жана куудул" деп атаган.