Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында чөнтөк уурулукка шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 14-январда бир жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында чоң соода базарлардын биринде күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 50 миң сомдук iPhone Pro 12 Max үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Арыз ээсине телефон кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан