Жемкорлукка шектелген аскер кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, кечээ, 24-февралда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасы менен УКМК биргеликте Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук комиссариаттарындагы кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштерин жүргүзүшүп, шектүү кызмат адамдарын кармашкан.
Тергөөдө алар аскердик кызматты өтөөдөн бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан акча алып келишкени, ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине киргизүү үчүн жарандардан пара талап кылышкандыктары аныкталган.
Учурда тергөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.