Американын Чемпиондор Кубогунун 1/16 финалынын "Интер Майами" менен "Спортинг Канзас-Сити" ортосундагы беттешинин башкы калысы Марко Антонио Ортис Нава алты айга иштен четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Финалдык ышкырыктан кийин мексикалык калыс гол киргизген "Интердин" капитаны Лионель Мессиге жакын келип, кол тамга сураган.
Мындан улам КОНКАКАФ уюму калыстын жүрүм-туруму кодексине туура келберин баса белгилеп, Ортиз Навага дисциплинардык чара көрүлгөнүн билдирди.