Амангелдиев Будапештте Венгриянын экономика министри менен болгон жолугушууда эмнелерге токтолду?

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын улуттук экономика министри Мартон Надь менен Будапештке болгон иш сапарынын алкагында жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, логистикалык жана миграциялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Амангелдиев Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана эки мамлекет башчыларынын колдоосуна негизделген кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагы талкууланды.

Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 34 миллион долларына көбөйтүүнү эске алуу менен анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Кыргызстандыктарды Венгрияда ишке орноштуруу маселелери да талкууланды.

Мартон Надь өз кезегинде «Кыргызстан Венгриянын досу» экенин белгилеп, венгриялык тарап эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдош катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан