Маданият министрине талапкер ЖМК боюнча мыйзамды толугу менен колдой турганын айтты
Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатат. Анда Мамбеталиев “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун толугу менен колдой турганын билдирди.
Жыйында депутат Гуля Кожокулова ЖМК боюнча мыйзам долбоору коомчулукта резонанс жаратып жатканын, анын бул боюнча пикирин сурады.
"Бул мыйзамды толугу менен колдойм. Көз карандысыз ЖМКлар кээде каралап, адаштырат. Алар ошого жараша жазасын алышы керек. Мен ошондой деп ойлойм", - деди Мамбеталиев.
Жогорку Кеңеш 25.02.25
Автор: Бек ОморбековФото: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы