Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бирдик айылында жайгашкан "Улар" ачык акционердик коомуна таандык болгон бир катар социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкананы менчиктештирип жатканда объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлбөстөн, мыйзамсыз түрдө акционердик коомдун карамагында калган.
Мындан улам тийиштүү чаралар көрүлүп, жалпы аянты 3,32 гектар жана баасы 341 миллион 857 миң сомго бааланган фельдшердик-акушердик пункт, мончо, почта бөлүмү, клуб, парк жана суу сактоочу кампа муниципалдык менчикке алынды.