Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Бишкектин Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, Б.У. аттуу тергөөчү ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген жана камакта жаткан адамдар менен жакын туугандарынын жеке жолугушуусун өткөрүү маселесин чечүү укугуна ээ болуп, ар кандай негизсиз шылтоолор менен чечимди создуктурган же жолугушууга уруксат берүүдөн баш тарткан. Натыйжада кечээ, 24-февралда тергөөчү камактагы адамга жолуктуруу үчүн кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК кармалган тергөөчүгө эч кандай жеңилдик берилбестен, мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандыгын кошумчалады.
Бишкекте коррупциялык схемага тиешеси бар тергөөчү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан