Өзбекстанда бала бакчада тарбиячы баланы скотчтоп койгон видео тарады (видео)

Өзбекстандын Ташкент шаарындагы жеке менчик бала бакчадагы мугалим анда тарбияланган баланы скотчтоп койгон видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо бала бакчанын кызматкери балдар тамактанып жаткан учурда, баланы отургучка отургузуп скочтоп жатканы көрсөтүлгөн.

Ал эми баланын ата-энесинин айтымында, окуя 21-февраль күнү болгон. Мугалимге ошол эле күнү тийиштүү чаралар көрүлгөн.

"Бала бакчанын жетекчиси видеолорду көргөндөн кийин дароо бардык чараларды көргөн. Окуяга тиешеси бар эки мугалим тең жумуштан алынды, балдар менен психологдор иш алып барышууда", - деп билдирген баланын ата-энеси.

Өзбекстандагы бала бакчада болгон окуя
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан