Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокери өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийге өлүм алдында кайрылуусун жаздырып, аны Адольф Гитлерге салыштырган. Каза болгон жоокердин телефонуна тартылган видеону “Изнанка” Тelegram каналы жарыялады.
Видеодо украиналык согушкер фронттогу украин аскерлеринин абалына терс баа берип, Украинанын Куралдуу күчтөрү фронттогу бардык салгылашууларда жеңилгенин айтат.
"Төрт күндөн бери бир үйдөн чыга албай жатабыз, октор бардык тарабыбыздан учуп жатат", - деген ал.
Маркум өз кайрылуусунда Зеленскийди Адольф Гитлерге салыштырып, ага Гитлердей болуп бункерге жашынып, өз жанын кыюуну сунуштаган.
"Бул баарына жеңил болот", - деп жоокер сөзүн жыйынтыктайган.