Америкалык миллиардер Илон Маск миңдеген канадалыктардын аны Канада жарандыгынан ажыратууну талап кылган петицияга кол койгонуна жооп берди.
"Канада жасалма өлкө", - деп жазган ал өзүнүн X социалдык тармагына.
Буга чейин 160 миңден ашуун канадалыктар Маскты Канаданын жарандыгынан ажыратууну талап кылган петицияга кол коюшканы айтылган. Алар ишкерге Канаданы Американын 51-штатына айландырабыз деп бир нече жолу коркуткан Дональд Трамптын тарапташы болгонуна нааразы.