Бишкекте мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки жарандын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө, жалпы 35 миң сом айып салынган.
"Лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн эки жаранга айып пул салынды", - деп билдирген мекеме.