
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
Равшанбек Сабиров Москва өкмөтүнө караштуу Экономикалык саясат жана Москва шаарын өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстанда Көп функционалдуу миграциялык борбордун өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашышты.
"Министр өз сөзүндө Орусия тарап үчүн Кыргызстандагы көп функционалдуу миграциялык борбордун өкүлчүлүгүнүн ачылышы абдан маанилүү экенин, анткени биздин жарандар көпчүлүгү орус тилин жакшы билгендиктен көп жагынан кызматкер менен жумуш берүүчүнүн өз ара аракеттешүүсүн жеңилдетерин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.