Биз социалдык тармакта

Бишкекте 30 жаштагы киши бычак жеп, ооруканага жаткырылган. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында жарандын ден соолугуна оор залал келтирген деген шек менен 29 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

7-февралда милицияга Улуттук бейтапкананын хирургия бөлүмүнө сабалып, бычактан жаракат алган 30 жаштагы жаран жаткырылганы кабарланган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Көп узабай шектүү делген киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан