Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешев мыйзам долбоору 2019-жылдын 13-мартындагы Кыргызстандын мыйзамы менен ратификацияланган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө ковенциясынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Мыйзам долбоорунда "майыптыгы бар адам" жана "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" деген түшүнүктөрдү бөлүү сунуш кылынат. Бул БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын талаптары менен шартталган, анда "майыптыгы бар адам" деген терминди туура жана заманбап деп колдонуу сунушталган.
Талкуу маалында депутат Дастан Жумабеков "майыптыгы бар адам" жана "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" деген түшүнүктөрдү бөлүүгө байланышкан маселелерди тактады.
Бекешев "майыптыгы бар адам" атайын майыптыгы тууралуу 1,2,3-топтогу майып деген статус аларын, ал "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" деген саламаттыгынан убактылуу жабыркап жаткан кишилер айтыла турганын билдирди. Ал учурда иштеп жаткан мыйзамда майыптыгы бар адамдар "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" деп аталарын кошумчалады.
Долбоордун алкагында абилитация, эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү, жөндүү ыңгайлаштырылган түзүлмө, универсалдуу дизайн, социалдык тиричилик жана социалдык чөйрө реабилитация жана абилитация, ыңгайлаштырылган же атайын жумуш орундары, техникалык жардамдар, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды уюштуруу сыяктуу жаңы терминдер киргизилген. Ошондой эле мыйзам долбооруна медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) иши боюнча МСЭКтин ишине карата негизги талаптарды чагылдырган жаңы беренелер да киргизилүүдө.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу маалыматтарды каттоо үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү пландаштырылууда. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт", - деди Бекешев.
Мыйзам болбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Чыңгыз Айдарбеков, Таалайбек Масабиров, Камила Талиева, Аида Исатбек кызы, Айсулуу Мамашова демилгелеп чыккан.