Казакстан кайсы аймагына атомдук электр станциясын кура турганы белгилүү болду

Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясы Алматы облусунун Жамбыл районунда курулат. Тиешелүү токтомго өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов кол койгонун Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, «Атомдук электр станциясын куруу аймагы жөнүндө» токтом 2024-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

Документтеги маалыматка ылайык, атомдук электр станциясын Алматы облусунун Жамбыл районуна куруу боюнча чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу референдум өткөн жылдын октябрь айында болуп өткөн. Анда жарандардын дээрлик 70 пайызы өлкөдө АЭСтин курулушуна "макул" деп добуш беришкени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан