2023-жылы футболдон кеткен "Реал Мадриддин" жана "Арсеналдын" мурдагы жылдызы Месут Озил жашоосунда таптакыр жаңы этапты баштады. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Германия курама командасынын курамында 2014-жылдагы дүйнө чемпиону болгон Озил эми Түркияда саясий карьерасын баштоону чечти. Тагыраагы, ал түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын өкүлү болду.
Президенттин партиясы кезектеги чоң курултайынан кийин жаңы мүчөлөрдү шайлады. Жаңы мүчөлөрдүн тизмеси жекшемби күнү жарыяланган жана алардын арасында Месут Озил да бар.
Анкарада өткөн курултайда Эрдогандын дагы партиянын лидери болуп кайра шайланышы ырасталганын кошумчалайбыз.