Бүгүн, 25-февралда Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинин алкагында кыргыз балбандары Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов килемге чыгат.
Айта кетсек, мелдеш Казакстандын Алматы шаарындагы “Балуан Шолак” аренасында орун алууда. Болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Акжол франциялык Ибрагим Ганем менен килемге чыкса, Айпери казак балбан айымы Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.
Маалымат үчүн: Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Орусияда түзүлгөн. Ал алгач Poddubny Wrestling League деген ат менен мелдештерди уюштурган. Уюм жалпы эсеп менен 7 мелдеш өткөрсө, анын бири Бишкекте болгон.