Түркмөнстандын бийлиги Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдарга 60 манат (болжол менен 1500 сом) акча каражатын берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 21-февралдагы өкмөттүн жыйынында белгилүү болгон. Аталган акчалай белектер 1-марттан 6-мартка чейин тапшырыла баштайт. Аны мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде иштеген аялдар, пенсионерлер, социалдык жөлөкпул алуучулар, ошондой эле бардык билим берүү жайларында (бала бакча, мектеп, университет) окуган кыздар ала алышат.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон жарлыкка ылайык, төлөмдөр боюнча чечим "өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө кошкон аялдардын салымын балоо жана улуттук салтка ылайык аялдарды сыйлоого" багыталып кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Түркмөнстанда аялдарга 2019-жылдан бери 8-мартка карата акчалай белек берилет.