Бишкекте 23 жаштагы таксист кардар кызды зордуктоого шектелип кармалды

Бишкек шаарында зордуктоого шектелген 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февралда милицияга жабырлануучунун эжеси кайрылып, 26 жаштагы сиңдиси Орок айылында белгисиз адам тарабынан зордукталганын айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринде шектүү Бишкек шаарында жашап, такси кызматында эмгектенип жатканы белгилүү болгон. Милиция ал кардарын айтылган дарекке жеткирип, кайра кайтарда кылмыш кылганын кошумчалады.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан