Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Ш.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үч фазалуу системанын энергиясын орнотуу үчүн 30 000 сом акча каражатын опузалап жаткан Кадамжай РЭТинин кызмат адамына чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Баткен ОИИБинин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ушул жылдын 21-февралында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн көрсөтмөсү менен электрондук эсепке 30 000 сом акча каражаты которулгандыгы жана аны Кадамжай РЭТинин актылары боюнча 1981-жылы туулган Х.М. аттуу башкы инженер алгандыгы аныкталган.
Шектүү катары 43 жаштагы Х.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.